Дүйнө

Белоруссияда вирус бейтаптары 29 миңге чукулдады. Лукашенко өлгөндөрдү арактан уулангандарга салыштырды

Белоруссиянын президенти Александр Лукашенко өлкөгө карантин киргизгенден баш тарткан соң, коронавирус эпидемиясы эл арасында күч алды. 9,5 миллион эли бар Белоруссия мурдагы советтик өлкөлөрдүн ичинде бейтаптарынын саны боюнча Россиядан кийинки экинчи орунга чыкты.  

EurAsia Daily маалымат агенттигинин акыркы билдирүүсү боюнча Белоруссияда коронавирус бейтаптарынын саны 28681ге жетти. Айыккандары 9498 жаран, каза тапканы 160 киши.

Эсиңерге сала кетсек, 14-апрелде Белоруссиянын президенти Александр Лукашенко өлкөдө коронавирус жок экенине жана ал келбей турганын, андан Белоруссияда эч ким каза болбосуна кепилдик берээрин айткан. Бирок, абал президенттин айтканынан алда канча башкача болуп чыкты. Эми президент коронавирустан көз жумгандар арактан ууланып өлгөндөрдөн беш эсе аз экен деп   актанып чыкканын, Ридус маалымат агенттиги төмөнкүдөй билдирген: “Европанын башкы  ковидо-диссиденти Лукашенко  дем алыш күнкү жыйында өлкө боюнча канча киши көз жумганын айтып, Белоруссияда алкоголь менен ууланып өлгөндөрдөн коронавирус инфекциясынан каза тапкандардын саны беш эсе аз деди”.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button