Коом

Назарбаевдин небереси: “Июндун аягы июлдун башында Кудай жерге сокку урат”

Казакстандын биринчи  президенти  Нурсултан Назарбаевдин небереси Айсултан Назарбаев жай айларында Кудай жерге катуу сокку ураарын эскертти. Бул туурасында 15-майда EuroAsia Daily жазып чыкты.  

Наркотикке көз каранды болуп жүргөн бул жигит  Facebookка жазган сайын дайыма Кудайды эскерет. Эми ал өзүн колдогон динге пост арнады.  

«Жападан жалгыз Кудай айтып кой деп менден суранды, июндун аягы июлдун башында ал жерге экинчи жолу сокку урат Ал соккусу алда канча күчтүү болот жана декабрдын аягына чейин созулат!» — деп эскертти Айсултан.

Мындан тышкаары Айсултан Назарбаев, ислам динин катуу сындап, баарыңар Иисус Христоско  (Иса пайгамбарга) ишенгиле деп чакырды. Мукамбет пайгамбарга да акараат келтирип, Иисус керемет менен туулган Кудайдын уулу жана ал дүйнөнү сактап калат, деди. Андан сырткаары ал Владимир Путин менен жолуга турганын айтты.

Посттун автору Казакстандын борбору Нур-Султан «жаңы Иерусалим» болот деп эскертет. Бир Кудайдын артынан ээрчий тургандар Казакстан менен Россия  экенин айтат.

Эскерте кетсек, бул макала кыскартылып алынды. Тексттин орусча варианты  менен толук таанышкысы  келгендер төмөнкү шилтеме менен кирсеңер болот: https://eadaily.com/ru/news/2020/05/15/vnuk-nazarbaeva-vystupaet-protiv-islama-i-prizyvaet-verit-v-iisusa

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button