Дүйнө

Коронавирустан вакцинаны ким биринчи алаары, вирус жылына эки жолу келээри айтылды

Россиянын Гамалей атындагы эпидемиология жана микробиология Улуттук илим изилдөө борборунун латенттүү инфекция микробиологиясы бөлүмүнүн башчысы Виктор Зуев, коронавируска каршы эмдөө (вакцинация) кимдерге биринчи жасалаарын айтты. Бул туурасында   17 майда РИА Новости маалымдады.

Вирусолог эмдөө адамда дартка каршы иммунитет пайда кылуу үчүн жасалаарын эскертти. Эмдөө биринчи кезекте  илдетти жугузуп алуу кооптуулугу өтө чоң топко кирүүчүлөргө жасалаарын айтты. Алар:көп сандагы адамдар менен контакта боло турган врачтар жана жумушчулар.   

«Кассирлер, билетерлор маселен. Албетте волонтерлор дагы. Таксисттер. А калгандарына дароо жасоо зарылдыгы жок», — деди Зуев,  НСН  радиостанциясына берген интервьюсунда.  

Кооптуу топко киргендер эмделгенден кийин, анан калгандарын эмдей баштаса болот, деп кошумчалады ал. Болочокто коронавируска каршы эмдөө гриппке каршы эмдөөдөй эле болуп калат, деген пикирде адис. «Бул вирус <…>жылына  бизге эки ирээт келет, климаттык шартка жараша иммунитетибиз төмөндөй баштаган убактарда – кеч күздө жана эрте жазда», — деп тыянактады окумуштуу.

Эскерте кетсек, Россияда коронавируска каршы вакцинаны сыноо жүрүп жатат.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button