Окуялар

Соль-Илецкиден келип, обсервацияда жаткандар дарыланбайбыз деп чыр чыгарышты

Россиядан же чет өлкөдөн учак менен Кыргызстанга келген жарандардын баардыгы мурдагы америкалык “Ганси” авиабазасындагы обсервацияда карантинге алынып жатат.

Россиянын Соль-Илецкисинен келген кыргызстандык жарандар кечээ ызы-чуу чыгарганын 24 kg маалымат агенттиги жазып чыкты.

Маалыматка караганда ал жакта карантинде жаткан алты жаран үйлөрүнө кое берүүсүн талап кылып, өзүбүздү жакшы сезип атабыз деп ызы чуу чыгарган. Алардан алынган анализ оң жыйынтык чыкса да ишенбегенин айтышкан.

Соль-Илецкиден келген жарандардан коронавирусту аныктоо үчүн  дарыгерлер экинчи жолу анализ алууну сунушташкан. Бирок алар коркутуп, чуу чыгарып  ооруканага барбайбыз, үйүбүзгө жөө болсо да кетебиз деп, дарыгерлерге баш ийишкен эмес. Акыры милиция чакырууга туура келген. Акырында аларды госпиталга жаткырышты. Учурда абал турукташып калды деп жазат агенттикте.

Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги да обсервацияда жаткандар медиктер менен  ар кандай ызы-чуу чыгарган учурлар кездешээрин, бирок дароо эле аларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп атканын айтты. Кимдин анализи оң натыйжа берип коронавирус аныкталса, дароо ооруканага жаткырылып, ал эми шектүүлөр жана алар менен байланышта болгондор обсервацияда жатышат.

Эскерте кетсек, бүгүн да Соль-Илецкиден келген 46 жарандан коронавирус аныкталды. Алар жаңы келгенде 55 адамдан коронавирус аныкталган.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button