Карантинде таанылган Сыймык Жапыкеев жана “Чоң Казат” элдин психологиясы менен ойноп атат

Дүйнөдө пандемия башталып, көпчүлүк өлкөлөр карантинде отуруп калганда айрым адамдардын кылаарга иштери жок, диванда же ашканада отуруп алып ашыккан эксперт, чыныгы патриот көрүнүп, интернет аркылуу коомчулукка ар кандай экстремисттик кайрылууларды жасап: “тигиндей кылсак болот, мындай кылсак болот, аянтка чыккыла, 10 миң киши топтолот” деп чакырык таштагандар пайда болду.
Буга чейин аты-жыты коомчулукка белгисиз Сыймык Жапыкеев деген эргул карантинде элге тааныла баштады. Ал ашканада отуруп алып эле, ансыз да буулугуп, карантинде камалып жаткан элдин сезими, психологиясы менен ойной баштады.
Ашканада отуруп алып мурда прокуратурада иштеп жатканда кимдин кандай байлыгы бар экенин, алар кантип байыганынан бери билчү экенин, Кыргызстандын жакырчылыкка алып келген ошол он бай Акаевден башталат деп айтып, адегенде эле Кубанычбек Жумалиевге асылып кирди. Бул жерден дагы айта кетчү нерсе, саясатчы-бизнесмен Өмүрбек Бабановдон башка байлардын баардыгы мамлекеттик казынадан, башкача айтканда коррупциядан байыган деген тыянак чыгарып койду. Эскерте кетсек, Кыргызстанда жалгыз эле Өмүрбек Бабанов эмес, андан да бай, жалаң соода сатык, бизнес менен байыгандар деле бар. Бирок Сыймык Жапыкеев ушул Бабановду дароо актаганынан улам аны менен эчак эле соодалашып койгонбу деген ой да келбей койбойт.
Сыймык Жапыкеев ачуу чындык айтып атам, азыр эл кыйналып турганда менин ар бир чакырыгымды эл колдойт деп ишенди. Чындыгында үйүндө камалып жаткан эл Сыймыктын айтканына ишенип, аны колдоп да киришти. Улам бир ашканасына кирип, Кыргызстанда атагы чыккан байлар деп адегенде бутага алган Кубанычбек Жумалиевди, андан кийин Чыныбай Турсунбековду айтып, дагы ушундай чириген байлар бар, алардын атын да айтып чыгам деп ага ишенип калган элге бир топ убадаларды да бере баштаган.
Сыймыктын айтканына ишенген айрым коомдук активисттер Кубанычбек Жумалиевге жамбашына катып келген куранды сунуп каргантууга да үлгүрдү.
Албетте, биз демократиялуу светтик өлкөбүз. Баардыгы мыйзам чегинде болушу керек. Куран ыйык китеп, аны Улуу Рамазан айында түз эфирде адамга карматып каргантып, Ислам мамлекетинде жашап жаткандай жарга такабаш керек эле.
Ал эми Сыймык Жапыкеев убада кылган кийинки бута Чыныбай Турсунбеков эле. Эл Чыныбай мырзанын байлыгы тууралуу Сыймык дагы кандай кылмыштын бетин ачат болду экен деп күттү. Бирок Сыймык Чыныбай мырзаны аттап өтүп башка темага, башка бутага кирди. Ошол учурда интернет булактарына Сыймык менен Чыныбай Турсунбековдун ортосунда соодалашуу болгону жазылып чыкты.
Сыймык эл аны колдоп атканын көрүп, чындап эле өзүн “жылдыз” сезе баштады. Атүгүл кыргыздын улуу эпосу “Манасты” айтып мыскылдап, манасчыларга “манас айтканыңарды токтоткула” деп элге акыл үйрөтө баштады, атүгүл кыргыздын улуттук бийи “Кара жоргону” кыйшалаңдап камеранын алдында бийлеп, аны да бийлебегиле деп тыюу салганга үлгүрдү.
Адегенде Сыймыктын жалындуу чакырыгына ишене баштагандар анын кыргыздын улуттук баалуулуктарына сын айтып, шылдыңдай баштаганы коомчулукка терс көрүнүп, айрымдары аны сөгө да баштады.
Ал эми Жапыкеев мүчө болгон “Чоң Казат” кыймылы да ар кандай арзан пиарлар менен алектенип, бирин-бири колдоп, ар кандай чакырыктарды таштай башташты.
“Чон Казаттын” лидери Канат Хасанов элге видео-кайрылуу жасап, Оренбургда келе албай жаткан мигранттарды алып келүүгө даяр экенин айтып, эки-үч автобустун алдында сүйлөп, өздөрүн жакшы пиарлап алганга үлгүрдү.
Азыр Кыргызстан эле эмес, дүйнө жүзүндөгү эл кыйналып турат. Мындай учурда адамдардын психологиясы бузулуп, эртең жашоо кандай болот деп турганда “чоңказатчылар” байлардын мүлкүн сотсуз эле жазалап, тартып алыш керек, митингге чыгыш керек деген сыяктуу коркунучтуу чакырыктарды жасай башташты.
Булар азыр кыйналып турган элдин психологиясы жана сезимдери менен ойношту. Албетте, элдин денгээли ар кандай. Айрымдары бул кыймылды туура деп кабыл алса, айрымдары бардыгы мыйзамдуу болуш керектигин жазып чыгышты.
Ал эми айрым серепчилердин айткандарына таянсак, алар биринчиден азыркы бийликти кандай жол менен болсо да басып алуу, экинчиден ушундай коркутуп-үркүтүү жолу менен кызматка жетүү, үчүнчүдөн байларга, белгилүү адамдарга ар кандай компроматтарды уюштуруп, шантаж жолу менен баюу экени көрүнүп турат.
Сыймык Жапыкеев чыныгы прокурор же адвокат болсо мындай видео чакырыктар, колунда бир да далилдүү фактылар, документтери жок бирөөнү курулай күнөөлөө мыйзамга туура келеби билиши керек эле. Кыргызстандагы байларды Сыймык сыяктуу баардык эле адамдар видео камера менен айта алышат. Бирок, бирөөнү күнөөлөгөн учурда атайын далилдүү фактылары менен органдарга арыз жазганда гана кылмыш иши ачылаарын Сыймык башкалардан да мыкты билиши керек эле.
Сыймык Жапыкеев мүчө болгон “Чоң Казаттын” лидерлери жана ал жактагы мүчөлөр тууралуу да маалыматтар бар. Аны дагы келээрки иликтөөдө айтылат.
Анткени Сыймык Жапыкеев байларды мындай же тигиндей жол менен байыган деп элге кайрылуу жасаса, башкалар деле аны жана анын тегерегиндеги адамдардын буга чейин жасаган иштерин, байлыктарын элге билгизе алат.
Айбек Капаров