Коом

Россиянын Оренбургундагы кыргыз мигранттары 20-майда алып келинет

20-майда Оренбург — Бишкек багыты боюнча чартердик каттам уюштуруу маселеси чечилди. Бул туурасында Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Бул авиакаттам президенттин жана өкмөттүн тапшырмасын аткарууда Россия жана Кыргызстандын тышкы саясат сүйлөшүүлөрүнүн негизинде ишке ашканы белгиленет.

“Мекендештерди алып келүүдө кош бойлуу аялдарга, улгайган адамдарга, жаш балдары бар ата-энелерге жана Россиянын медициналык мекемелеринде дарылануудан өткөндөргө артыкчылык берилет”, — деп айтылат маалыматта.

ТИМ чет мамлекеттерде, анын ичинде Россияда жүргөн кыргызстандыктарды мекенине алып келүү иштери мындан ары да улантыларын убадалады.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button