Кызганычтан улам сүйүктүүсүн 2-кабаттан түртүп жиберген жигит эркиндикте (видео)

Милиция бул кылмышка шектүүнү кармабай, учурдагы карантинге шылтоолоп иш ачпай атканын арызданган жабырлануучу кыз.
Кара-Балтада сүйүктүүсүн кызганычтан улам 2-кабаттан түртүп жиберген. Бул тууралуу укук коргоочу Камиль Рузиев Vesti.kg маалымат агенттигине билдирген.
Анын айтымында 2020-жылдын 15-февралында кылмышка шектүү А. 19 жаштагы Нина Манаевди конокко чакырган. Ошол учурда кызга чет өлкөдөгү тааныштары телефон чалып, аны туулган күнү менен куттукташат. Мас абалындагы жигит кызды кызганып, экөө уруша кетет да көп кабаттуу үйдүн 2-кабатынан түртүп жиберген.
— 2-кабаттан кулаган кыздын кыр аркасы сынып, оор операциядан кийин дале өз алдынча баса албай, өмүр боюу инвалидик коляскада отуруп калуудан чочулайт,- дейт Рузиев.
-Ал эми жабырлануучу кыздын апасы Жайыл райондук ИИБне арыз менен ошол эле күнү кайрылган. Бул окуя тууралуу кылмыш иши козголгон. Бирок ошондо алынган сотмедэкспертиза даяр боло элек жана кылмышка шектүү жигит менен да көзмө-көз жолуктурган эмес. Милиция болсо коронавируска байланыштуу учурдагы карантинди шылтоолоп жатат, — дейт укук коргоочу.
Кыздын ден соолугуна зыян келтирген жигит эч нерсе болбогондой эркиндикте жүрөт.
-Кызды 2-кабаттан түрткөн жигит өзүн күнөөлүү деп эсептебейт экен, Нина балкондон өзү кулап кеткен, ал жанында жок болчумун деп айтып атыптыр. 11-майда жабырлануучу кыз Президент Сооронбай Жээнбековго арыз жазды. Азыр бул иштин жыйынтыгын күтүп жатабыз, — дейт жабырлуучу кыздын укугун коргогон Камиль Рузиев.
Бул видеодо төшөктө жаткан жабырлануучу окуяны өзү айтып берген:
Abal.kg



