Коронавирус. Тажикстанда каза болгондордун саны өсүүдө

17-майда Тажикстанда 1524 адам коронавирус жуктуруп алганы жазылган дейт CentralAsia маалымат басылмасы. Тажикстандын атайын расмий билдирүүсү канча адамга жугуп, канча адам каза болгону жарыяланып турат. Ал эми бул вирустан каза болгондордун саны 39 деп жазылууда.
Бул Орто Азия мамлекеттеринин ичинен коронавирустан көз жумгандар Казакстанда – 34, Кыргызстанда – 14, Өзбекстанда – 12 болсо, Тажикстанда — 39.
Бирок көпчүлүк эксперттер Тажикстанда коронавирустан каза болгон адамдардын саны 39дан көп деп эсептешет. Себеби, Тажикстандагы https://kvtj.info/ сайтында коронавирустан каза болгондордун тизмеси күндө жаңыланып, жазылып турат. Ал жерде Тажикстанда коронавирустан каза болгондор азыркы тапта 277 киши экени, маркумдардын аты-жөнү, жаш курагы, жана качан каза болгону тизмеде уланып жазылып атканын көрүүгө болот.
Abal.kg


