Окуялар
Соль-Илецкиден келип, обсервациядан жаткандар үй карантинине чыгарылат

Россиянын Соль-Илецкисинен келген кыргызстандык жарандардан экинчи жолку алынган анализи терс чыккандыктан алар үй карантинине чыгарылат.
Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
Соль-Илецкиден кыргызстандык жарандар 7-майда келишкен. Кыргызстандык 542 жарандын 421инин анализи терс чыккан. Алар 14 күн обсервацияда обочодо турушкан.
Эскерте кетсек, эксперттик комиссиянын чечими чыкканча чыдамы кеткен обсервациядагылар ызы-чуу чыгарып, кетебиз деп чыгышкан. Ал эми Россиядан келген 541 кишинин 101нен коронавирус аныкталган. Анализдери терс чыккан жарандар эртеңден баштап атайын транспорт менен үйлөрүнө жеткирилет.
Abal.kg