Коронавирус. Москвада 100дөн ашык кыргызстандык инфекция жуктуруп алды, экөө көз жумду

Москвада коронавирус инфекциясын 100дөн ашуун кыргыз мигранттары жуктуруп алган. Россиядагы Кыргызстандын элчилиги коронавирус жуктуруп алган мекендештерге атайын квартира даярдап беришкен.
Андан тышкары ал жакта коронавирустан көз жумган кыргыз мигранттары да катталган, алардын сөөгү мекенге жеткирилген.
Расмий эмес маалыматтарга таянсак Москвада 700 миңден ашуун кыргыз мигранты жашайт. Элчилик менен катар Кыргызстандын жана Россиянын Дарыгерлер ассоциациясы атайын волонтер-дарыгерлердин коомун түзүшкөн. Бул дарыгерлер күнү-түнү мекендештерге консультация берип турушат жана дистанттык негизде санитардык-гигиеналык нормаларды сактоону, кантип туура дезинфекция кылууну да үйрөтүп турушат.
Эскерте кетсек, Москвада коронавирус жуктургандардын айрымдары эч кандай белгилери жок, жеңил формада өтүп жатканына байланыштуу алар ооруканага жаткырылган жок. Аларды үй карантинине жаткырып, дары-дармек жазып беришет, айыкканча дарыгерлер бейтапты телефон чалып, көзөмөлдөп турушат.
18-майга карата Москвада жалпы 146062 адам коронавирусжуктуруп, 1580 адам көз жумду.
Abal.kg



