“Чоңказатчылардын” максаты бийликти басып алуу, элди мыйзамсыз жолго азгыруубу?

Коронавирустун капшабы менен элдин баары үйдө отуруп, интернет менен эле жашап калды. Жашы дебей, карысы дебей интернетке үңүлүп, не деген шумдук маалыматтарды, айрыкча, коронавирус боюнча не бир үрөй учурган жаңылыктарды алып жатышат.
Жумуштун баары токтоп, үй-бүлө бюджетине да кедергисин тийгизгени аз келгенсип, ошондой коркунучтуу маалыматтар элдин психологиясына да аябай таасир этип жаткан маалы.
Мына ушуларга анализ кылып, булардын себептерин издеп, кимдир бирөөлөрдү күнөөлөгөнгө араң эле турган элдин «чырагына май куйгандар» четтен чыга баштады.
Балким бул да алдыдагы шайлоонун шайтан оюндарынын биридир. Болбосо Сыймык Жапыкеевдер баштаган «Чоң казатчылар» эмнеге ушул убакты тандап алышты?
Таажывирусу жок жай турмуш маалында жөн жаткан элди ордунан козгоо кыйын болмок. Анан дал ушул баары үйдө отуруп, нерви чыңалып турганда, бугу чыга албай жаткан элге акырын от коюп, талылуу темага жем таштап коюшту.
Коррупция темасын козгоп, «мына ушулар кыргыз элинин маңдайына бүткөн байлыктарды менчиктештирип, байып алышкан, аларды кайра алышыбыз керек» деп элдин безине улам-улам сайып жатышат.
Эл массасы эми мындайча айтканда аккан суу да, кайдан кулак чыгарсаң ошол жакка нугун буруп, жиреп кете берет. Мына ушундай шартта Сыймык Жапыкеевдер от менен ойноп жатышканын өздөрү аңдабай жатышат.
Ооба, шартка жараша бийликке үнүңдү жеткирүүнүн ушундай «Кухня» берүүсүн калыптандырып алышты. Бирок анын каармандары «бул байлыктарды бат эле 10 миң жигит менен барып, алып коебуз» деп, элдин башын айлантып жатышат.
Чын-чынына келгенде бул өтө опурталдуу, аягы жаман боло турган жолго элди чакыруу. Коомдун катмарындагы каны кызуу жаштар муну оңой жолдордун бири катары көрүп, колдоп кетишти.
Элдин дал ушул реакциясын пайдаланган «Чоң казатчылар» түз эле талап-тоноого, анан барып уруш-талаш, жаңжалга, анан барып граждандык согуштун тутанып кетишине жол чаап жатышат.
Анткени экинчи тараптын колдоочулары, тарапташтары чыкпайт деп ким кепилдик бере алат? Же түз эле айтсак, ким эле ошончо байлыгын тарттырып жибергиси келсин.
Ага да мейли дейли, коомдо мыйзамдан тыш ушундай аракеттер көнүмүш болуп калса, эртең ак эмгек менен байлык күткөндөргө да чабуул башталбайт деп ким кепилдик берет?
Буларды тизмектей берсек, аягы жакшылык менен бүтпөстүгү акыл-эси ордундагы адамдарга кашкайып эле көрүнүп турат.
Эми ушул Жапыкеевдердин иш-аракетине көңүл буралы. Түзүлгөн кырдаалга жараша ушундай үй шартындагы кайрылууну тандап алганы менен ошол колдоп бергиле деп кайрылып жаткан элине дагы сый-урмат менен мамиле кылбаганы ачык эле көрүнүп турат да.
Ашканада отуруп алып, бирде тамеки тартып, бирде ар нерсе ичип, бирде туруп кетип, иши кылса олуттуу кайрылуу жасаганга да аракет кылышкан жок.
Кээ бирлери «чындап эле буларың ичип же чегип алып сүйлөп жатабы» деген шек саноолорун дагы айтып жатышат. Мындай маданиятсыз, прициби жок, багыты так аныкталбаган кайрылуулары менен элге таанылып калган эле кишилер бозого чогулуп алып, элге чыгып көрүнүп коелу дегендей таасир калтырып жатат.
Көчөдөгү көпкөлөң балдардын сөздөрү менен оозанып, олуттуу мамиле жасабаганынын өзү эле айткандарынын баары ушактын деңгээлинде экенинен кабар берет. Олуттуу маселе көтөрөсүңбү, угуучу аудиторияга да олуттуу мамиле кыл да.
Эми Жапыкеевдердин жасаган чакырыктарына келели. Элдин көңүлүнө көкташтай тийген маселелерди көтөргөнү менен 10 миң бала менен барып басып алалы деп чакырык таштап жатат.
Жаш көпкөлөң, эч нерсени көрө элек балдар дейин десең, баары мамлекеттик кызматтарда иштеген экен. Анан баары чогулуп алып, коомчулукту мыйзамсыз ишке түртүп жатканынын өзү эле эмне деген опурталдуу кадам. Же чындап эле аягы жаман окуялар менен бүтүшүн каалап жатышабы?
Болбосо улам-улам юрист экенин белгилеп айтып берип жатат. Билип туруп ушундай жосунсуз чакырыктарды жасап жатабы? Мейли дейли, опузалап Жумалиевдин байлыгын тартып алышты. Анан андан ары эмне кылышат? Тагыраак айтканда, андан аркы пландары кандай? Кийинки бутаны дагы кимге карай мээлешет булар?
«Чоң казат» деп атайын бирикме түзүп жаткандан кийин кандайдыр бир көздөгөн максаты, аларды ишке ашыруучу план-программасы болушу керек да?
Демократия менен анархиянын ортосу бир эле сөөм деп айтылат экен. Анда бул экөөнүн айырмасын билбегендер, же атайын чаташтырган анархисттер элдин, айрыкча кызуу кандуу жаштардын башын айлантып, ар кандай тополоңдорду уюштурууга алып бараткандай.
Андай болсо «Чоң казатчылар» деле кимдир бирөөлөрдүн куурчагы экени турулуу иш.
Азыр ачыктабай жатышат, балким булардын артында белгилүү бир саясатчы турат же Кыргызстанга тополоң уюштуруу максаты менен бийликти басып алуу, кызматка жетүү пландары тургандыр, аны да иликтейбиз.
Abal.kg