Коом

Жигиттерге шерменде кат! Гүлзат Ормонбекова “боозуп” калган “килтиңдеген” жигиттерди катуу каргады

Кечээтен бери, Интернет айдыңында,  Москвада жашаган жердешибиз Гүлзат Ормонбекова айымдын, эл башына күн түшүп турган ушундай учурда, жалган данныйларды жасап алышып, “жардамга муктаж болуп жалдырап кала берген наристелердин, кош бойлуу аялдардын, балалуу энелердин” алдында Кыргызстанга биринчи уча качышкан кыргыз жигиттерди каргап, өзүнүн фейсбук баракчасына чыгарган ыры уу-дуу болуп жатат.

Жигиттерге шерменде кат!

Сурайылдай жигиттер сүлкүлдөгөн
Как башына таш жааса силкинбеген
Наристелер, энелер кала берип
Силер учуп кетсеңер килтиңдеген
Намысы жок,ары жок силердейди
Ким жаратып аттигиң ким тууду экен?

Күн тутулган кездерде «боозуп» калган
Кыйчалышта өзүмчүл болуп алган
Сөз өтпөгөн беттерин салаңдатып
Самолетко биринчи конуп алган
Арсыздарга силердей вирус жукпайт
Жүрөгүндө чоң вирус тоңуп калган!

Кайран Кыргыз! Уулдарың ушу болсо?
Түкүрдүм мен уулуңдун уулдугуна!
Эй уулдар өлгүлө андан көрө
Жансоогалап калбастан кулдук ура
«Бооз жигиттер» деген ушул атыңарды
Эрге тийип «никелуу» кылдыргыла!

Гүлзат Ормонбекова. Москва

Бүгүн, Гүлзат “…араңардагы арсыздарды бүтүндөй энелердин атынан дагы каргайм! Мага десе асманыңарды таштап жибергиле!
Каргаганым каргаган!” деп, өзүнүн фейсбук баракчасына дагы жаңы пост чыгарды.

Айттым! Жаздым!
Каргадың деп кыйыткандар да болду.
Каргадым!
Илгери энелер кыйын күндө каргамак түгүл өлүмгө кыйып жиберишкен уулдарын!
Мен эч кимисин өлтүрүп койгон жокмун.
Назик уулдарыңарды каргап койгонума капа болгондор,жаман көргөндөр, кадырыңар жан болсун. Менин жүрөгүмдү силердин капа болгонуңар же жаман көргөнүңөр эмес, жардамга муктаж болуп жалдырап кала берген наристелердин, кош бойлуу аялдардын, балалуу энелердин тааныш-билиштери барлардын алдында сынган үмүттөрү ооруттурат.
Апам кетет, эки кат аялым кетет деп жалган айтып,өзүнүн паспортный данныйларын жаздыргандар силерге да кудай бар, жалган данный экенин билип туруп көздү жумуп жазып койгон элчиликтеги ошол тааныш-билиштериңерге да кудай бар!
Абийир сотуңар жок болсо менин айтканым бир тыйын.
Силердин касиетсиздигиңер бүтүндөй эркек аттуунун касиетине доо кетирди.
Чыныгы мырзаларды мен жөнөкөй сөз бул жакта турсун ырга ороп сүйлөйм.
Касиети бийик эркектер, силер өзуңөргө албагыла?!
Ал эми араңардагы арсыздарды бүтүндөй энелердин атынан дагы каргайм! Мага десе асманыңарды таштап жибергиле!
Каргаганым каргаган!

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button