Коом

Табылды Акеров: Сыймык Жапыкеевдин чакырыктары өлкөнү хаоско алып бара турган жол (видео)

Кыргызстанга карантин режими киргенден тарта  ашканасында элге ар кандай видео-чакырыктарды жасаган Сыймык Жапыкеев өлкөдөгү «байлардын мүлкүн тартып алыш керек, митингге чыккыла» деп элге интернет айдыңында тааныла баштады.

Сыймык Жапыкеевдин чакырыктары канчалык деңгээлде мыйзамдуу же мыйзамсыз экенин саясый серепчи Табылды Акеров саясый баа берди:

“Негизи Сыймыктын патриоттук сезими  туура. Бирок,  көтөрүп аткан маселелери боюнча айтсам,  аны кантип аткаруу  керектиги албетте таптакыр туура эмес. Мыйзамга да, конституцияга да туура келбейт. Себеби, рынок  экономикасына өтүп аткан ар бир  мамлекет, мисал үчүн Батыштагы, Азиядагы мамлекеттер баары үлгү кылып,   аны Дракон деп  айтып атабыз. Рынок экономикасына кирип атканда конституциясына биринчи “Жеке менчик кол тийгис” деп жазылган. Бизде  дагы рынок экономикасына кирип атканда 1990-жылдары ошентип жазылган, жеке менчик кол тийгиз деп. Андан кийин, 90-жылдары приватизация, прихватизация болду. Бүт мамлекеттик менчиктер жеке менчикке өттү. Ошол кездеги мыйзамдар менен өттү. Баары башка колго өттү, алар сатып, кайра башкаларга өттү. Кожоюндар бир нече жолу алмашып кетти. Эми  Сыймык айтып атат мен 15 жылдан бери мамлекетте кызматта иштеп эч нерсесиз калдым деп. Анан ошондуктан биз баарын кустурабыз дейт. 10миң бала чогулабыз, барабыз да байлардын мүлкүн жаздырып алабыз деп  атат. Азыр ким өзүнүн менчигин бергиси келсин? Бул өлкөнү хаоско алып бара турган жол, — деди.

Табылды Акеровдун айтканын толугу менен бул видеодон көрсөңүз болот:

https://youtu.be/7e4lgSXqN_c

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button