Ырчы Айнура Салахидинова тойлордо ырдаганды сагынганын жазып, талкууда калды

Акыркы кезде Кыргызстандагы карантинге байланыштуу баардык оюн-зоок ишчаралар токтоп турган кез. Той-топурларга да убактылуу тыюу салынды.
Жалаң той-топурларда ырдап, акча тапкан чыгармачыл ырчылар үйүндө отуруп, жакшы күндөрдү эстеп Инстаграм баракчаларына жазып, айрымдары эски видеолорун жүктөп атат.
Ал эми эстарада ырчысы Айнура Салахидинова тойлорду сагынганын бирок, алардын жумушу сентябрда гана башталаарын Инстаграм баракчасына жазган:
“Эмне десеңер ошо дегиле, бирок, тойлордо ырдап жүргөн
күндөрүмдү сагындым. Акырындап жумуштар башталып келе жатат, биздин жумуш эң
акырында сентябрда башталат дейт го. Мейли эми, эң негизгиси элимде аманчылык
болуп, эч ким оорубай, ушул жаман илдеттен эртерээк кутулсак баары болот.
Бирок, үйдө азыр зериккенге убакыт жок, кошумча жумуш таап алгам,
үй-тиричилиги.
Жөн эле ойлорумду жаздым”.
Ырчы айымдын бул жазганын кубаттап, карантин бүтүп,тойлор башталса экен деген пикирлерин жазышса, айрымдары ырчыны талкууга алып, азыркы абалдан аман-эсен чыгып алалычы, мурдагыдай той-топур болбойт, бүттү деген сыяктуу пикирлерди жазышууда.
Бирок, жалпы жонунан ырчынын жакшы тилектерин коштогондор арбын болду.

Abal.kg



