Түптө жылкыларга ылаң тийип атканы тууралуу видео тарады. Симптомдору өтө коркунучтуу…

Интернетте “18-май, 2020-жыл Михайловка (“Мишаловка” деп угулат) айылы, Түп району” деген видео тарады. Видеодо мал сарайда ылаңдап жөткүрүп, өпкөсүн кагып, оор дем алган жылкы көрсөтүлгөн.
Мал ээсинин (?..) айтымына караганда кесел башталганда: “Биринчи-экинчи күндөрү тамак жебейт, температурасы көтөрүлөт, басканы шалдырап, жыгылып кетчүдөй болуп басат, үчүнчү-төртүнчү күн дегенде моминтип өпкөсүн кагып, деми кыстыгып, мурдунан, оозунан ак көбүк чыгып, анан көлөкө жер издеп эле, караңгы жер издеп калат экен, -дейт видеодо сүйлөп аткан эркек киши. -Лечениеси, физраствор, витамин, глюкоза баары берилди. Болгону антибиотик куюлган жок буларга. Симптомдору ушундай. Диагнозу билинбей атат, эмнеден экени. Ушундай ылаң жүрүп атат, биздин Түп районунда. Михайловка айылында. Он күн мурун таза кандуу бир бээ кеткен. Өлгөн ушундан. Андан бери эки таза кандуу айгыр өлдү. Бирөө таскак, бирөө тяжёловоз. Мобу бээ бүгүн, ооруганына үч күн болду. Мунун кетээрине саналуу гана убакыттар калды окшойт” деп видео токтогон.
Эгер бул видеодогу көрсөтүлгөндөр жана айтылгандар чындыкка болсо, анда бул ылаң өтө кооптуу көрүнүш болуп саналат. Видеодо ветеринарларга кайрылуу болгонбу, же жокпу, ал жөнүндө эч нерсе айтылбайт.
Биздин оюбузча райондун ветеринардык кызматтары бул көрүнүшкө олуттуу мамиле кылып, чын-бышыгын текшерүүлөрү зарыл.
Abal.kg