Маданият
Самара Каримова айылдыктарга 1,5 миллион сомго соопчулук көрсөттү. Көп балалууларга кир жуугуч машина берди (видео)

Эстрада ырчысы, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Самара Каримова Баткен, Лейлек айылдарындагы 200 үй-бүлөгө соопчулук жардам көрсөткөнүн, 20-майда фейсбук баракчасына жазып чыкты.

«Аллахым буйруса, Баткен, Лейлек Тажикистан менен чектеш айылдарга 1 500 000 сомдук ГУМЖАРДАМ таркатабыз. Чегарада жашаган бир туугандар, мен үчүн БААТЫРЛАР! Кайрымдуулук акциямды колдогон КАНЫБЕК акебизге Аллахым ыраазы болсун! Список бар, буйруса ар бир жардамды өз колум менен таркатып чыгам.
Ун, күрүч, шекер, май, көп балалуу үй-бүлөлөргө кир жуугуч машина. Кылган сооп иштерибизди, Кудайым кабыл кылсын ылайым! Ыйык Рамазан айыңыздар менен!
Буйруса видео менен бөлүшөм!
200 үй-бүлөгө даярдалды!», деди ырчы.
Abal.kg



