Дүйнө

Дүйнөдө медиктер гейлерди дарылоодон баш тартышууда

БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерреш өзүнүн сөзүндө пандемия учурундагы секс-азчылыктын тагдыры үчүн өтө тынчсызданганын билдирди. Гутеррештин пикири боюнча, карантин учурунда ЛГБТ-жарандар катардагы адамдар тарабынан да, полиция менен медиктер жагынан да өзгөчө адилетсиздикке жана кысымдарга кабылууда. Бул туурасында 20-майда “Московский комсомолец” (МК) кабарлады.

МКнын журналисти  ЛГБТ-жааматытынын өкүлү менен аңгемелешкенде бул пикир чындыкка чыкты. Виктория аттуу айым бир жума мурда температурасы кескин көтөрүлүп, деми кыстыга баштаганда врач чакырган. «Чакырууну адегенде кабыл алышты, — дейт Виктория. – Бирок 15 минуттан кийин кайра чалып, бригадалардын баары сыртта чакырууларда экенин, андыктан эч ким келе албасын билдиришти. Өзүң дарылана бер дешти. Мен дароо эле түшүндүм, сыягы менин картамды карашса керек… Алар «бул сыяктуу киши кейпинен кеткендерди сактоонун кажети жок» деген ойдо окшойт – мага тааныш медик ошентип түшүндүрдү».

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button