Окуялар

Онкологиянын балдар бөлүмүнөн 14 адамдан коронавирус аныкталды, 8 кичинекей бала бар

Улуттук онкология жана гематология борборунун балдар бөлүмүнөн 14 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу борбордун жетекчиси Эрнис Тилеков билдирди.

Коронавирус жуктуруп алгандар —  3 медицина кызматкер, 1 врач, 2 медайым, 8 кичинекей бала жана 3 эне.

Башка бөлүмдө контактта болгондор  да иликтенди. Алар менен байланышта болгон мед айымдар, врач, бейтаптар жана аларды карап жаткандар обсервацияга алынышты.

Бул борбордун башкы дарыгери Бактыгүл Султангазиеванын айтымында  бир бейтапты карап жаткан чоң энесинен коронавирус аныкталган. Ал үйүнө чыкканда гана билинген.  Учурда 120 адамдан да анализ алынган, жыйынтыгын күтүп жатабыз дейт Султангазиева.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button