Балдарга карата зомбулук. Бишкек, Ош, Талас, Балыкчы шаарларында көп катталууда

2019-жылы Кыргызстанда зордук-зомбулукка кабылган балдардын саны өскөн. Бул тууралуу башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов парламентте сүйлөп жатып билдирди.
Эске салсак, ушул тапта парламент Башкы прокуратуранын 2019-жылкы иши боюнча отчетун угуп жатат.
Карантин учурунда жашы жете элек балдардын өз жанын кыюусу боюнча фактылар катталып жатканы тууралуу суроолорго башкы прокурор прокурор:
«Чындап эле карантин убагында балдардын зомбулукка учурашы боюнча иштер катталды. Жергиликтүү органдарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча тапшырма берилди. Негизинен былтыр мурдагы жылдарга караганда балдар зомбулукка көп кабылды», — деди Жамшитов.
Прокурордун айтымында, 2019-жылы балдарга карата 4533 материал катталган. Анын ичинен 2574 кылмыш иши, 1959у жоруктар боюнча болгон.
«Зомбулук көбүнчө Бишкек, Ош, Талас жана Балыкчы шаарларында өсүп жатат», — деди башкы прокурор.
Abal.kg



