Коом

Адалсынып, ашканада таанымал болгон “Чоң Казаттын” максаты кырдаалды курчутуубу?

“Адалсынган молдонун үйүнөн алты камандын башы чыгыптыр”  – деген сөз учурда “чоңказатчыларга” да тийиштүү болуп турат. Өздөрүнүн артында калбыры жоктой көрсөткүлөрү келген менен булар деле аппак эмес экенин өмүр-баяны менен иш-тажрыйбаларына бир сыйра көз сыдырсаң билесиң.

Эмесе, “чоңказатчылардын”  багыттары булар:

1: Коркутуп-үркүтүү аркылуу жана кырдаалды дестабилдештирүү жолу менен кызмат алуу.

2. Учурдагы бийликти төңкөрүү менен кызыкчылыктарына жетүү.

3. Компроматтык материалдарды жарыялап жана жарыялайбыз деп коркутуп-үркүтүү жолу менен байлардын, белгилүү адамдардын чөнтөгүнө кол салуу.

Булардын катарында тургандардын көпчүлүгү көлдүктөр. Четинен айтсак: Турат Акимов. Журналист,  “Деньги и власть” гезитинин башкы редактору. “Чоң казаттын” түзүүчүсү. Партия түзүү жана анын ишмердиги идеясынын автору да ушул киши. Ал буга чейин да гезитине бир топ жогорку кызматта иштеген белгилүү адамдарга карата  компромат материалдарды жарыялап келет.

Жапыкеев Сыймыкты болсо карантин убагында блогер катары “Говорит кухня” берүүсү аркылуу таанып калдык. А аны ага чейин тааныгандар апасынын тарабынан тууганы А. Жайнаков менен бирге контрабанда жолу менен спирт ташып бутуна турганын, аларды туулган жери көл өрөөнүндө “Спирт королу”-деген каймана ат алганын айтышат. Жапыкеев прокуратурада иштеген. Ал жерден өзү айткандай тың, так иштеген үчун иштен айдалган эмес. Ал кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, жергиликтүү милиция кызматкеринин өлтүрүлүшү боюнча кылмыш ишинен айрым документтерди жашырып, айыпталуучу Кубанычбек Боруевди (Ысык-Көл облусу, Түп району, Сан-Таш айылынын тургуну, эпилепсия менен ооруйт) өмүр бою кескенин, Башкы прокуратуранын бөлүм башчысы болуп иштеп жүргөндө, кылмыш ишин козгоону токтотуу үчүн ал “Дастан” ачык акционердик коомунун башкы директору А.Ибраимовдон пара алганын убагында бирге иштешкендер жакшы билишет.

Хасанов Канат. Бул да көлдүн жигити. Адвокат. КР сотторду тандоо кеңешинин мүчөсү болгон. Мурда кримавторитет Р. Акматбаевге юридикалык жардам көрсөтүп келгени менен да белгилүү. Ошондон улам бул чөйрөдө тааныштары көп. Эркин Мамбеталиев менен тыгыз байланышта. Айрым маалыматтарга караганда, Р. Акматбаевге таандык бир катар кыймылсыз мүлк К. Хасановдун каттоосунда болгон.

Бирок, Р.Акматбаев өлтүрүлгөндөн кийин, К.Колбаев коркутуп-үркүтүп, аларды муляж катары каттоодон өткөрүүгө жетишкен дешет. К. Хасанов, Кыргыз Республикасынын Сотторду тандоо кеңешинин мүчөсү болуп турганда бир топ былык иштери айтылууда.

К. Хасанов жүрөк оорусу менен ооруйт, бирок ага карабастан, анын,көңүл ачуу жагынан эч кимге ат салдырбасы айтылат.  Ичкиликти жакшы көрөрүн жакындары айтышат. Андан тышкары кумар оюндарына (карта, жер астындагы казинолордо ойнойт) жакшы көрөт. Баңгизатты байма-бай колдонуп тураарын жакындары да айтышууда.

Ал эми Мамытканов Максат дагы көлдүк. «Деньги и власть» гезитинин жарым кожоюну. Бу деле мурда УКМКда иштеген. Конторада иштеп жургөн каймана аты «почтольон» болгон. Тагыраак айтканда, өзү иштин көзун билбегендиктен, кесиптештер арасында баркы жок болуп, айдап кел, байлап кел-кызматын аткарган. Ал өзүн маалымат каражаттарына полковник атап, маектерди берип жүрөт, бирок иштешкендери майор эле экенин айтып күлүшөт.

Булардын жалындуу сөздөрү, жайнаган көздөрү көп адамдын бүйүрүн кызытып, тарапташы, тилектеши болгонго жетишкен. Бирок, фейсбуктагы беш-алты түз эфирден “биз азыр ушинтип кухняда сүйлөп туралы, жакынкы күндөрү силердин көйгөйдү жогорку жактардан көтөрүп чыкчу күн келет”, — дешкенде, көпчүлүктүн көңүлүнө суу себилди. Көбү “чоңказатчылар” чындап эл үчүн күйүп, мамлекеттин эсебинене эсепсиз байыгандардын бетин ачып, кимдин-ким экенин көрсөтөт-деп күтүп атышкан. Бирок, булардын оюу партия түзүп, алдыда боло турган шайлоого катыша турганын укканда, жогоруда жана буга чейинки алар жөнүндө айтылган сөздөр төгүн эмес экенине ынанасың.

Айбек Капаров

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button