Коом

Айнура Жеенбекова:”Айбандын эркеги деле ургаачысын, балдарын коргогон го. Биздин жигиттер ошончолук жок беле?!.”

Мындан эки күн мурда жарыяланган Гүлзат Ормонбекованын “Жигиттерге шерменде кат” аттуу ыры Интернет колдонуучулардын калың катмарына тарап, көпчүлүктүн кызуу колдоосуна ээ болду. Бирок, ошол эле учурда,  кары-картаң, жаш балдарлуу аялдарды таштап Кыргызстанга биринчи уча качышкан “бооз”, “килтеңдеген” (Гүлзат Ормонбекованын образдуу салыштыруусу) жигиттерди жактап, ырдын авторун жаштарды каргадың деп күнөөлөгөндөр да чыкты. Ошолорго жооп кылып, Интернет колдонуучу Айнура Жеенбекова өзүнүн фейсбук баракчасына төмөнкүдөй пикир жазды.  

Моюнга албаган нерселер,башыбызга муш болуп жатат. Самолетто жаш жигиттер кетти десе,ошону да билети болсо кетет да деп жиберипсиңер го.
Эркекче ойлонушканда учушпайт болчу! Билеттери күйбөйт эле, жакшы күндөрү  кетишсе болмок,же акчасын кайрып алышмак.Өткөндө эле акчалары жок, ачка талаада калды дегендердин баарынын эле билетке акчасы бар экенине таң калып атам.
Согушта деле кары картаңдарды,аялдарды,балдарды, ооорулуу жарадарлады биринчи алып чыгып кетишкен.Эгерде соо адам,жаш эркектер качса-дезертир болушкан!
Айбандын эркеги деле ургаачысын, балдарын коргогон го. Биздин жигиттер ошончолук жок беле?..
Москвада 69, 65 жаштагы агалар, эжелер иштешет. Ошолор деле кете калалы дебей, “мындан да жаман күндөр баштан өткөн, иштегени келдик иштейбиз” деп эле сабыр кылып отурушат.А күчкө толгон балдар жумуш таап иштеп турса деле болмок!..
Анан боюнда кылып таштап кетти, балдарын бакпай таштап кетти, ата-энесин  бакпай койду дегендер ушулардан чыгат да.

Гүлзат Ормонбекова сонун жеткире ыр жазса каргадың деп талап кетишиптир! Арасында апалар ошондой комментарий жазышыптыр. Балдарыбызга болушуп жүрүп ушундай балдарды тарбиялап жатабыз. 90-жылдары эркектерди үйгө калтырып, чаар сумканы жонго асып, дүйнө кезип кеткенде эле өзүбүздүн кадырыбызды кетирип бүткөн экенбиз, көрсө. Эшектей иштеп үй салып, эркегибизге машина мингизип, арасында тууп чоңойтуп, кыйналдым дебей тирилик кылганыбыздын акыбети ушул да… Аялдар, силер туура түшүнсөңөр болмок!..
Комиссия болумуш болуп апамды салдым карыган, инимди салдым ооруган дегениңерге оозум ачылды.Өзүңөрдүкүн кое турбайт белеңер!.. Илгери атам башкарма кезинде элден мурун тамеки эгип,терип,тапшырып элге үлгү бололу деген күндөрүбүз эске түштү! Ал күндөр СССР менен кеткен турбайбы, көрсө!
Мына бүгүнкү ахбал дагы,азыр справкага барган күйөө балам жөнөттү!!! Уят,уят!.. Шерменде эле болуп бүттүк го…

https://youtu.be/vw-OR7HiRGw

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button