Оренбургдан келе жаткан мекендештердин төртөө чек арадан өтө албай, артка кетишти

Бүгүн Оренбург облусунун Бузулук районунан келе жаткан мекендештердин үчөөнү Россия чек арасы, төртөөнү казак тарап өткөрбөй койгон. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилигинен кабарлады.
Маалыматка ылайык, Кыргызстандын бийлиги уюштурган тогуз автобус менен мекенге 417 киши жөнөтүлгөн. Анын 410у чек арадан өтүп, калганы документтеринен улам өтө албай калган.
«Россиянын чек арасынан үч адам өтпөй калды, ал эми казак чек арасында төртөө калды. Анткени алар Тажикстандын жарандары болгон. Казак чек арасынан өткөндөр ал өлкөнүн шарты боюнча текшерилип, андан кийин аларга маалым кат берилген. 12 айдоочу автоунааларын атайын унаа ташыган транспортко жүктөп, өздөрү автобуска түшүп кетишти. Калгандары мурдагы жашаган жерине кайтышты», — деп айтылат билдирүүдө.
Элчилик Оренбург облусунун аймагында, анын ичинде Соль-Илецк шаарында жана Бузулук районунда Кыргызстандын жарандары калбаганын баса белгиледи.
Abal.kg