Россиянын COVID-19га каршы вакцинасы адамдарга расмий эмес сыналды. Оң эффект — 100%!

Россиянын саламаттык сактоо министрлигинин Н. Ф. Гамалей атындагы эпидемиология жана микробиология изилдөө улуттук борборунун (НИЦЭМ) кызматкерлери, өздөрү ойлоп тапкан COVID-19га каршы вектордук вакцинаны, өздөрүнө сынап көрүшкөн. Бул тажырыйба өтө ийгиликтүү өттү: керектүү иммунитет бар, негативдүү эффект байкалган жок, деп борбордун директору, Россиянын илимдер академиясынын академиги Александр Гинцбург, 22-майда «Интерфакска» маалымдаган.
«Вакцинаны иштеп чыгып атышкандар – алдыларына жалгыз гана өзүлөрүнө сыноо максатын коюшкан эмес, муну биринчи кезекте, пандемиянын шартында андан ары ишти улантууда коргонуу үчүн жасашты (…). Эми ким вакцинаны иштеп чыгып атса, алардын баары корголуу», — деди Гинцбург агентствого берген интервьюсунда.
Кошумча эффектер болгон жокпу деген суроого, академик:: «Жок. Баары тирүү, ден соолуктары жакшы, көңүлдөрү куунак», деп жооп кайтарган. Ал вакцина алган коллегаларынын санын айткан жок, бирок анын сөзүнө караганда вакцинаны борбордун кызматкерлеринин өтө көп тобуна сайышкан – иштеп чыгып аткандарга, клиникага чейинки сыноону уюштуруучуларга жана технологдорго.
Сөз аденовирустун ДНКсынын негизинде иштелген, ага коронавирус SARS-CoV-2нин гени жармаштырылган НИЦЭМдин преспективдүү вектордук вакцинасы тууралуу жүрүп жатат, деп түшүндүрдү Гинцбург. Аденовирус коронавирустун генин клеткаларга жеткире турган «контейнердин» милдетин аткарып, андан ары коронавирустун тикенектүү сыртындагы белокторун синтездөө менен, иммундук системага потенциалдуу душманын «тааныштыруу» ишке ашырылат. Мындай типтеги вакцина вектордуу деп аталат.
Abal.kg