Милициянын кайгуул кызматынын башкармалыгы коомдук унаа айдоочуларына карантиндин тартиптери түшүндүрүлдү

Милициянын кайгуул кызматынын башкармалыгынын техникалык көзөмөлдөө бөлүмүнүн кызматкерлери борбордогу шаардык унаа башкармалыктын, фирмалардын жетекчилери жана коомдук унаалардын айдоочулары менен жолугушуу өткөрдү.

Бишкек шаардык ИИББы боюнча милициянын кайгуул кызматынын
башкармалыгынында, аталган башкармалыктын техникалык көзөмөлдөө
бөлүмүнүн кызматкерлери, Бишкек шаарынын мээриясынын, медицина жана
салык кызматынын кызматкерлери менен биргеликте 2020-жылдын 25-майынан
тартып шаар ичинде каттамга чыга турган жүргүнчүлөрдү ташыган шаардык
транспорттук башкармалыктын көзөмөлүндөгү 43 фирманын жетекчилери жана
айдоочулары менен жолугушуу өткөрүдү. Каттамга чыкканда кандай талаптар
аткарылышы керек, илдеттин жайылуусуна жол бербеш үчүн кандай шарттарды
түзүү керек экенидиги тууралу түшүндүрүү иштерин жүргүздү.

Жолугушуунун жүрүшүндө COVID-19 илдетин таралышына жол бербөө
максатында жүргүнчүлөрдү ташыган автобус, троллейбус жана кичи
автобустардын айдоочулары илдеттин жайылып кетишине жол бербөө үчүн
кандай шарттарды түзүш керек экендигин, жеке санитардык эрежелерди так
сактап, бет кап жана кол кап кийип ошол менен бирге жүргүнчүлөр менен
болгон катынашта аралыкты так сактоо сунушталды. Эрте менен каттамга чыгууда унаалардын техникалык абалын текшерүүдөн өткөрүү, айдоочлардын медициналык көзөмөлдөн өтүп турушун, ар бир каттамга чыгууда унаалардын ичин дизинфекциядан өткөрүп туруу, ошол менен бирге айдоочулар жол эрежесинин талаптарына ылайык документтерин: айдоочулук күбөлүк, автоунаанын техникалык катоо күбөлүгү, салык
кызматынын алынган потенти жана башка тийиштүү документтери болуусун
белгиледи.

Ошондой эле жүргүнчү ташуучу автоунаа таза ,санитардык нормаларга жооп берүүсү шарт экендиги белгиленип, эгерде автоунанын техникалык кемчилдиктери жана айдоочунун тийешелүү документтери жок болсо Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө көдексинин жана мыйзамдарынын негизинде чара көрүлөрү эскертилди.
МККБ басма сөз кызматы