«Жигиттерге шерменде кат!» жазган Гүлзат Ормонбекова «догурунган» жигиттерге дагы ыр «арнады»

19-майда Москвада жашаган жердешибиз, акын, медайым Гүлзат Ормонбекованын Интернет айдыңында жарыяланган “Жигиттерге шерменде кат!” ыры, кыргыздын кыйырына тарады. Анда акын айым эл башына күн түшүп турган учурда, жалган данныйларды жасап алышып, “жардамга муктаж болуп жалдырап кала берген наристелердин, кош бойлуу аялдардын, балалуу энелердин” алдында Кыргызстанга биринчи уча качышкан кыргыз жигиттерди каргап, катуу нааразылыгын билдирген. Соцтармактагы коомчулук 90% Гүлзатты колдоду.

Эми, акын айым дагы ошол “килтеңдеген” “бооз”, алты саны аман жигиттерге “арнаган” жаңы нааразылык куплетин фейсбук баракчасына жарыялады.

«Таш чайнап,кум чычаар» маалыңаарда,
Аралжы сурап арсыз жаныңарга,
Өкмөттөн үмүт кылып догурунган,
Эркектер! Өлүп эле калыңар, а!!!
Abal.kg