Дүйнө

Белоруссия коронавирусту жеңе албайт экенибиз деп мойнуна алды

Covid-19 менен сыркоолоонун деңгээли төмөндөгөндөн кийин да Белоруссияда ооруну жугузуу толук бойдон жоголбойт, деп билдирди, 22-майда Республикалык гигиена, эпидемиология жана коомдук саламаттыкты сактоо борборунун башкы врачынын орун басары Ирина Глинская. Бул туурасында EurAsia Daily маалымат агенттиги кабарлады.

Врачтын сөзүнө караганда, Белоруссияда коронавирус менен сыркоолоонун төмөндөшү майдын аягы – июндун башына карата күтүлүүдө.

Эсиңерге сала кетсек, Белоруссиянын президенти Александр Лукашенко 14-апрелде коронавирус өлкөдө жок экенин, болсо келбей турганын, келсе да эч ким андан өлбөсүнө кепилдик берээрин жар салган. Бирок, президенттин кепилдигине карабастан, ушул учурга карата 9,5 жарым миллион эли бар Белоруссияда коронавирусту жуктургандардын саны 34 миңден ашып, каза тапкандар 190 кишиге жетти.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button