Окуялар

Кыргызстандыктарды сөккөн Даниэль Ажиевдин СИЗОдогу мөөнөтү узартылды (видео)

Бишкектин Биринчи Май райондук соту социалдык тармактан жалпы кыргыз элин сөккөн Даниэль Ажиевдин СИЗОдогу мөөнөтүн дагы 2 айга узартты.

Эске салсак, 2020-жылдын 26-март күнү Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы тарабынан сотко чейинки өндүрүштүн алкагында ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлө баштаган. Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 313-беренесинде (Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутуу) көрсөтүлгөн кылмышты жасоого шектелип Бишкек шаарынын тургуну, 1990-жылы туулган Даниэль Ажиев кармалып, Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Күбөлөндүрүүнү жүргүзүү учурунда ал марихуана баңги каражатын колдонгондугу аныкталган.

Даниэль Ажиев кыргызстандыктарды ушинтип сөккөнү үчүн кармалган.
https://youtu.be/li1NNz9ptbY
Даниэль Ажиевдин укук коргоо органдары тарабынан кармалган учуру

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button