Коронавирус жуктурган Жогорку Кеңештин экс-спикеринин абалы жакшы

Коронавирус жуктуруп алган ЖКнын экс-спикери Мукар Чолпонбаев инфекцияны жеңди. Бирок, дагы деле дарыгерлердин көзөмөлүндө. Бул тууралуу экс-спикердин кызы Нуриля Чолпонбаева интернет баракчасына жазып чыкты.
“Ура! Атамда эми коронавирус жок, биз анын келтирген кесепети менен күрөшүп жатабыз. Көрсөткүчтөрү орто, жакшы болуп баратат. Убакыт керек. Качан атамды ооруканадан чыгарганда дагы кабарлайм”, – деп жазган ал.
Эскерте кетсек, 2020-жылдын 5-майында Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына COVID-19 коронарус инфекциясы диагнозу менен коомдук ишмер, Жогорку Кеӊештин экс-төрагасы Мукар Чолпонбаев түшкөнү белгилүү болгон. Анын ден-соолугунун абалы начарлашына байланыштуу, 12-майда Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасынын жандандыруу жана интенсивдүү терапия бөлүмүнө которулган эле.
Abal.kg



