Дүйнө

Окумуштуулар азыркы тумоонун дүйнөдө качан аяктаарынын прогнозун беришти

Окумуштуулар коронавирус пандемиясынын дүйнөдө качан аяктаарынын пргонозун иштеп чыгышты. Бул тууралуу Сингапурдун технология менен дизайн университетинин изилдөөчүлөрүнө таянып  New York Post билдирди, деп маалымдады, 24-майда Lenta.Ru.  

Алардын пикири боюнча дүйнө бул илдеттен ушул жылдын декабрында арылат. Ал эми АКШ бул дартты сентябрдын аягында жеңип чыгат.

Бул прогнозду эксперттер инфекциянын жайылышын, адамдардын илдеттерди кабыл алуу деңгээли, аны жуктургандарынын жана айыккандарынын динамикасы баяндалган математикалык моделди (SIR-модель) пайдалануу менен иштеп чыгышкан. Адистер алардын прогнозу так эмес болуп калышы ыктымал экенин, демек дүйнө жүзү боюнча карантиндик чараларды жумшартуу боюнча шашылыш чечимдерди кабыл алууга болбой тургандыгын эскертишет.

«Кандайдыр бир прогноздорго таянылган өтө оптимисттик ишеничтин коркунучтуулугу — тартибибизди жана өзүбүздү көзөмөлдөөбүздү бошоңдотуп ийиши мүмкүн экендигинде турат. Ал эми мындай абал ооруну жугузуунун кескин өсүшүнө алып келет», — деп билдиришти изилдөөчүлөр.  

Мурдараак эле сингапурдук окумуштуулар Россияда илдет 2020-жылдын июнунан сентябрына чейин аяктайт, деп билдиришкен. Кийинчерээк алар бул прогнозунан баш тартышкан.  

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button