Нарындыктардын кенебестиги аймактагы эпидемиологиялык абалды курчутууда. 38 жаңы бейтаптын 25и нарындыктар

Республикалык штабда Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин оун басары, мамлекеттик башкы санитардык врач Нурболот Үсөнбаев 24-майга карата Кыргызстандагы эпидемиологиялык абал туурасында статистикалык маалымат берди.
Маалыматка ылайык бир сутканын ичинде 23 бейтап айыгып, аман-эсен үйлөрүнө жиберилген. Айыккандардын саны бүгүнкү күнгө карата 980 кишиге жеткен. Ошол эле учурда акыркы бир сутканын ичинде COVID-19 жуктурган дагы 38 учур катталган. Анын ичинен 25 бейтап Нарын областынан чыкты. Башкы санитардык врач, Нарындагы мындай абалды элдин дайыма бири–бири менен тыгыз карым-катнашта болуп жаткандыгы менен түшүндүрдү.
Ал эми жакында эле обсервацияда жаткандарына нааразы болушуп, дүрбөлөң чыгарышкан Соль-Илецкиден келген кыргыздардын арасынан дагы үчөөнөн коронавирус табылганы аныкталган.
Дагы бир врачтын илдет жуктурганы белгилүү болду.
Abal.kg