Бишкекте коомдук транспорттор ишке кирди. Маршруттук кичи автобустар каттамга эки эсе аз чыкты

Бишкекте бүгүн коомдук транспорттун бардык түрүнө уруксат берилди. Мэриянын басма сөз кызматы “Азаттык” радиосуна кабарлагандай, 110 троллейбус жана 112 автобус жолго чыкты.
Ал эми маршруттук кичи автобустар адаттагыдан дээрлик 50% аз чыкты – болжол менен 800-900 даана.
Муну адистер бүгүн Кыргызстанда расмий түрдө дем алыш күн деп жарыяланганы жана жүргүнчү ташууга коюлган жаңы чектөөлөрдөн дөн улам жол акыдан киреше табуу мүмкүнчүлүгү азайганы менен түшүндүрүүдө.
25-майдан тартып уруксат берүү чечими чыкканда ар бир автобус, троллейбус жана кичи автобуста жүргүнчүлөр ортосунда аралык жана санитардык талаптар сакталышы керектиги айтылган.
Кичи автобустар эл көп колдонуучу транспорт. Адатта бош отургуч калбагандыктан жүргүнчүлөр туруп барышат, ичинде эл көп болот.
Abal.kg



