Спикер Дастан Жумабеков менен ырчы Анжелика тымызын кызматташабы?

Кыргызстандагы Фактчек.kg сайты Кыргызстандагы ММК жана башка интернет булактарына чыккан айрым маалыматтарды тактап, фейк аккаунттар менен күрөшүп, жалган маалыматтарды ачыктап турат.
Мындан үч күн мурун Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабековго таандык делген Инстаргам баракчасынын аз гана убакыттын ичинде абдан көп катталуучуну топтогону тууралуу иликтөө ишин жарыялады.
Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабековго таандык делген Инстграмдагы za_dzhumabekova баракчасына аз убакытта 100 миңден ашуун киши катталган. Фактчек.kg басылмасы спикерге таандык делген бул баракча кантип заматта популярдуу боло түштү деген суроого жооп издеп, иликтөө жарыялады.
Атайын программалардын жардамы менен жүргүзүлгөн иликтөөлөрдүн жыйынтыгында спикердин Инстаграм баракчасынан ырчы Анжеликанын да ысымы чыккан.
Ырчы Анжеликанын Инстаграмдагы гив оюнуна демөөрчү болгон 169 адамдын ичинде дал ошол za_dzhumabekova баракчасы да бар.
Жыйынтыгында Фактчек басылмасы:
“Жогорку Кеңештин төрагасынын za_dzhumabekova жаңы
аккаунту 2020-жылдын 1-мартында түзүлгөн, ошол эле күнү биринчи пост
жарыяланган;
буга чейин бул аккаунт эч кимге таандык эмес болчу;
2,5 айдын ичинде спикер конкурстар аркылуу 142 миң абонентти чогултууга
жетишти;
Катталуучуларды табуу үчүн, төрага белгилүү ырчы Анжелика менен кызматташат,” – деп жазган.
Abal.kg