Коом
Ноокатта коронавирус жуктурган бейтап инфарктка кабылган

Ноокат
районунда эки айдоочудан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Ноокат аймактык
ооруканасынын башчысы А.Марипов Turmush басылмасына билдирген.
Анын айтымында, Ноокат аймактык ооруканасында буга чейин коронавирус илдетине
чалдыккан 4 бейтап дарыланып жаткан. Эми ооруканада коронавирус менен күрөшүп
жаткандардын саны 6га жетти.
«Эки айдоочу алыска каттачу. Бирөө буга чейин инфаркт болгон. Ооруканага
келгенден кийин дагы бир ирет инфарктка кабылган», — деди А.Марипов.
Анын айтымында, айдоочулардан илдет 20-майда аныкталган. Изоляцияда бир
медкызматкер жатат. Анын абалы учурда туруктуу.



