Коом
Санитардык норманы сактабаган ишканаларга миллион сомго чукул айыппул салынды

1-майдан 22-майга чейин Кыргызстандагы карантинден кийин ишке кирген 6 миң 891 ишкана текшерилип, санитардык норманы сактабагандарга 900 миң сомдон ашык айыппул салынды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдирди.
Бишкекте — 768, Ош облусунда — 2706, Баткенде- 590,06, Жалал-Абад облусунда — 543, Талас облусунда — 180, Ысык-Көл облусунда – 1385, Чүй облусунда – 428, Нарын облусунда – 245.
Текшерүүлөрдүн жыйынтыгында 2710 мекемеге эскертүү берилип, 707 ишканага протокол түзүлдү. Ал эми 680 ишкананын ээсине санитардык норманы сактабагандыгы үчүн 977 миң сом айыппул салынды. Андан тышкары 15 материал укук коргоо органдарына жөнөтүлдү.



