Коом

Жаңы ачылган парктагы селкинчекти уурдап, отургучту талкалап, эстеликти сындырып кетишти (фото)

Бишкек шаарындагы жаңы ачылган паркка коюлган Советтер Союзунун баатыры Чолпонай Түлөбердиевдин эстелигин бүлдүрүп кетишкен. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын пресс-кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык,  баатырдын эстелигиндеги тамгаларды учтуу нерсе менен атайын чукуп, түшүрүп салышкан.

“Андан тышкары парктагы балдар ойноочу аянтчадагы селкинчектерди, таштанды салынуучу челектерди талкалап, айрымдарын уурдап кетишкен. Пластик бөтөлкөлөрд үчүн атайын таштанды сала турган урнаны да талкалашкан. Учурда жаңы парктарга  видео камера коюлуп атат,”- деп билдирди мэриядан.

Ал эми Бишкек шаарынын мэриясынын аппарат башчысы Балбак Түлөбаев Фейсбук баракчасына бул тууралуу:

“Эч кимге күнөө койбойм. Жамандабайм. Биз бир нерсени чукулап кармалап көрүп анан бузуп алсак бирөөгө шылтап баса беребиз. Мен ушундан  тажадым. Анан ким жаман Мэрия жаман. Да кемчилик бар, бирок өзүң таза болуп туруп анан сында да. Эми башкача жасайбыз. Чукулап түшүрө албагандай кылып”.-деп жазды.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button