Тирүү экен деп ойлобогула, баары кумдан жасалган! (видео)

Андони Бастаррик Басклардын өлкөсүнө (Испания) эчак эле белгилүү болгон адам. Ошол жерде ал өзүнүн кумдан жасалган керемттүү чыгармаларын жаратат. Биринчи көргөндө анын жасагандарына таң калгандан адамдын кадимкидей эси ооп калат. Ал таланттуу гана эмес, өтө жупуну да адам: өнөрүн бүт дүйнөгө таратууга далбастап, эч качан төшүн каккан эмес. Бул таланттын шедеврлерин Reddit порталына чыгарып коюшкан анын тааныштарына рахмат айтыш керек. Ушундан кийин, көз ачып жумгуча анын атагы төгөрөктүн төрт бурчуна тарады, деп билдирди Micccp.com маалымат порталы.
Баары балдардын көңүлүн ачуу үчүн эрмектөөдөн башталган. Ал балдарды күлдүрүү, маанайларын көтөрүү максатында гана кумдан ар түрдүү фигураларды жасап жүргөн. Анан эле ага баш-оту менен кирип кетет! Андони кум менен кантип иштөө керектигин өтө олуттуу изилдей баштайт.
Он жылдын ичинде, эч жерде атайын билим албаган скульптор өтө чоң ийгиликке жетишет! Ал шедевр деп айта турган, башкача мүнөздөөгө болбой турган иштерди жарата баштайт. Ошол эле учурда, жөнөкөй жана жупуну бойдон кала берген: бир дагы мелдештерге, конкурстарга катышууну максат кылган эмес! Катышса мындай иштер менен биринчи орунду алышы толук ыктымал эле!
Анын скульптураларынын фотографиялары соцжеледе пайда болгондон кийин, ал өзүнүн өнөрүнүн сырларын бөлүшүүнү чечти. Ал азыр каалоочулар үчүн мастер-класстарды өткөрүп жатат. Ийгиликтин 99%и чыдамкайлык жана эмгек менен гана келет, деген ишенимде Бастаррик. Ага кисточкалар жана щетокалар менен кичине гана сыйкыр кошуп койсо, фигуралар кадимкидей тирилет, жанданат! Сүрөткердин адамды таң калтырган кереметинин сыры ушул.



