Окуялар

Бишкекте баласын алдына отургузуп алып, машина айдап бара жаткан аял изделүүдө

Милициянын кайгуул кызматы баласын алдына отургузуп, унаа башкарып бара жаткан аялды издеп жатат. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Бишкек шаарынын Түштүк магистраль көчөсүндө баласын алдына отургузуп, унаа башкарып бара жаткан аялды окуянын күбөлөр видеого тартып алган.

Кайгуул кызматынын кызматкерлерине аталган унаанын айдоочусун таап, кармоо тапшырмасы берилген. Ага Бузуулар тууралуу кодексине ылайык чара көрүлөт.

Carcheck порталындагы маалыматка ылайык, бул аял айдаган унаанын буга чейин да 17 жол эреже бузуу боюнча төлөнө элек 23,5 миң сом айыппулу бар экени аныкталды.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button