Коом

Айылдыктарга берилчү кичи грантты кантип алса болот? Адистин жообу

Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо Агенттигинин «Айылды суу менен камсыз кылуу жана санитарияны туруктуу өнүктүрүү» долбоору өлкөдө алгачкы жолу үй чарбаларынын санитардык шарттарын жакшыртууга багытталган шыктандыруучу субсидия бере баштады. Субсидиялар кандай шартта, кимге берилээри тууралуу биз аталган долбоордун өкүлү Жылдыз Турдугулова менен маек курдук.

-Жылдыз айым, үй чарбаларынын санитардык абалын жакшыртууга багытталган субсидиялар тууралуу маалымат бере кетсеңиз?

— Биздин өлкөдө таза суу көйгөйү менен бирге, ыңгайлуу, бардык талаптарга жооп берген ажаткана маселеси да курч экени белгилүү. Өзгөчө айыл жашоочуларынын көбүнүн үйлөрүндөгү ажатканалар талаптарга жооп бербейт. Мисалы шамал, чымын-чиркейден корголгон эмес. Ал эми шарттары жок ажаткананы колдонуу экологияга зыян алып келет, ар кыл жугуштуу оорулар пайда болуп, канчалаган адамдардын ден-соолугу жабыркашы мүмкүн. Ал гана эмес, туура эмес салынган ажаткана адам өмүрүнө зыян келтириши ыктымал. Септик тууралуу сөз кыла турган болсок, таза суу менен камсыз болгон айылдардын тургундары сууну үйдүн ичине киргизүүдө. Ошону менен бирге, ажаткана, ашкана, ваннадан чыккан кир сууну туура агындылоо көйгөйү бар. Долбоордун алкагында дал ушул маселе дагы  чечилүүдө. Башкача айтканда, айыл жашоочуларына септиктерди туура куруу боюнча кеп-кеңештер берилип жатат. Анткени септик жок болсо, кир суу жер кыртышын булгайт. Мына ушул көйгөйлөрдөн улам, биздин долбоор айыл жашоочуларына үйдөгү санитардык объектилерди жакшыртуу үчүн шыктандыруучу гранттарды берүүнү чечкен. Каржылык колдоону Бүткүл дүйнөлүк банк көрсөттү. Биздин максат — санитардык курулмаларды туура курууга үйрөтүү аркылуу элдин санитардык-гигиеналык жүрүм-турумун өзгөртүү. Биз пилоттук айыл тургундарына ажаткана жана септикти туура салууну көрсөтүп койсок, башкалар да аларды үлгү катары колдонсо дейбиз.

— Субсидия кимге жана кандай шарттарда берилет?

— Субсидия алуу үчүн, үй ээсинин сөзсүз түрдө паспорту болушу зарыл жана ал долбоорго катышып жаткан айылдын тургуну, санитардык шарты жакшыртыла турган үйдүн ээси болушу керек. Ошондой эле, үй ээсинин жаңы санитардык обьектини курууга өздүк каражатын сарптоого жана аны бардык талаптарга жооп бере тургандай кылып курууга мүмкүнчүлүгү болушу зарыл. Эгер ушул шарттарга жооп берсе, жаран айыл өкмөтүндө түзүлгөн атайын комиссияга арыз менен кайрылат. Ага болгон документтерин тиркейт. Мындан соң, санитардык курулмалардын каталогунан өзүнө ылайыктуусун тандайт. Алар үч түрдө. Биринчиси – желдетүүчү түтүгү бар тышкы ажаткана. Экинчиси – ички ажаткана жана септик. Үчүнчү түрү – ички, тышкы ажаткана жана септик. Куруу үчүн тандап алган курулмага жараша, ага 100дөн 300 АКШ долларына чейин субсидия берилет.

Эскерте кетчү жагдай, субсидия санитардык курулмалар тиешелүү талаптарга жооп бергидей болуп курулса гана берилет. Ал үчүн албетте, үйдүн ээсине долбоордун инженерлери кеңештерин берет. Ал эми санитардык объектилердин бардык эреже менен курулганын көз карандысыз адис аныктайт.

— Демек ажаткананы туура салууга долбоордун инженерлери жардам беришет экен да?

— Ооба, сөзсүз. Инженерлер эң башында үйгө техникалык кароо жүргүзүп, курулманын чиймесин чийип беришет. Андан кийин дагы, техникалык кеңештерин берип турушат. Өзгөчө жер алдындагы курулуш жана темирбетон куюлмасы туура орнотулушу зарыл. Айталы айрым аймактарда жер кыртышы борпоң, бул учурда темирбетон куюлмасын чоңураак кылып орнотпосо, ажаткана жер астына тушүп кетиши мүмкүн. Ошондой эле, ажаткана үйдөн, өзгөчө суу чыккан жерден тиешелүү алыстыкта болуусу керек. Антпесе, суу булганат жана бул ден-соолукка зыян алып келет. Ажаткананын көзөнөгүнүн капкагы жана желдетүүчү түтүктүн болушу да маанилуу, анткени алар чымын-чиркейлер аркылуу ар кандай инфекциялык оорулардын  таралуусунан сактайт. Көзөнөк тиешелүү өлчөмдө болбосо, балдар түшүп кетиши мүмкүн. Тилекке каршы өлкөдө мындай учурлар катталган.

Мындан тышкары, кошумча маалымат катары айта кетсем, учурда долбоордун аракети менен үй кожолуктарда ажаткана, септикти туура курууга багытталган санитардык эрежелер жана нормалар иштелип чыгууда. Бул нормалар Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кѳзѳмѳлдѳѳ департаменти аркылуу бекитилип, жалпы элге сунуштама катары таратылат. Санитардык курулмаларды курууда калк ошол нормалар боюнча курулуш иштерин жүргүзө алат.

— Субсидияны кайсы айылдардын жашоочулары ала алат?

— Учурда субсидияны пилоттук эки айылдын жарандарына берип жатабыз. Бул Ош облусунун Ноокат районунун Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Булак жана Көтөрмө айылдары.

Ошондой эле, долбоор субсидияларды Ош облусунун Кыргыз-Ата жана Кашка жол, Чүй облусунун Ибраимов, Бурана, Ак-Бешим жана Курама айыл өкмөттөрүнө караштуу 16 айылга берүүнү караштырып жатат.

-Маегиңизге рахмат.

Субсидия алып, ажаткана курган адамдардын сүрөтү:


Көтөрмө айылынын тургуну Мамасаалы аксакал жаңы салынган ажатканасынын фонунда
Аксакалдын жаңы курулган ажатканасы
Айыл тургунунун жаңы салынган ажатканасы

Айгүл Жунушалиева

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button