Коом

Нарын жана Ат-Башы районунун коменданты коронавируска шектелүүдө

Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун коменданты Уланбек Аалиев коронавируска шектелип учурда үй карантининде. Бул тууралуу өзү Kaktus.media басылмасына билдирген.

“Менин эки орун басарымдын жана айдоочунун алгачкы анализдеринен коронавирус аныкталгандыктан, мени коронавирус деп шек санашты. Бирок алардын кийинки тапшырган эки анализинде тең таза чыккан. Менин үч тестимде бардыгы коронавирус жок деп тастыкталды. Эки күндөн соң жумушка чыгам“,- деп белгиледи Аалиев.

Эскерте кетсек, 2020-жылдын 26-майына карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 35 учур катталды:

Бишкек ш. – 12 + 4 Россиядан келген аскер кызматкерлеринен
Чуй облусу — 4 + 3 Соль-Илецктен келгендерден
Ош облусу — 4
Нарын облусу — 8

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button