Кочкор районунан бир үй-бүлөдөгү 8 адамдан коронавирус аныкталды

Кочкор районунда 8 адам коронавирус менен күрөшүп жатышат. Бул тууралуу облустук штабдан маалымдашты.
Бүгүн, 26-майга карата 5 адамдан коронавирус илдети аныкталган.
«Булардын баары бир үй-бүлө мүчөлөрү. Алардын уулу апрель айында Индонезиядан Кыргызстанга келген. Бишкек шаарында текшерүүдөн өтүп, анализдери таза чыккан.
Кийин үй-бүлө мүчөлөрү дене табы көтөрүлүп, атайын мобилдик топко кайрылышкан. 26-майга чейин алардын ичинен үчөөнөн коронавирус аныкталып, ооруканага жаткырылган. Бүгүн, 26-майда ошол эле үй-бүлөнүн 5 мүчөсүнүн анализдеринин жыйынтыгынан илдет аныкталды. Учурда 8 адам ооруканада жатат.
Буга чейин Кочкор районунда 3 адамдан коронавирус аныкталып, алардын экинчи ПЧР-анализи таза чыккан», — деп айтылат маалыматта.
Республикалык штабдын маалыматына ылайык, ушуну менен Кочкор районунда коронавирустун 11 учуру катталды.
Abal.kg



