Сузакта сүйүүнүн айынан жигит өзүнө өрт койду

Жалал-Абад облусунда 23 жаштагы жигит өзүнө бензин куюп өрттөп жиберген. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Белгиленгендей, кечээ, 25-майда, болжол менен саат 01:30 чамасында Базар-Коргон районунун 1996-жылы туулган тургуну өзүнө бензин чачып, өрттөп жиберген. Окуя болгон жерде турган үйдүн ээси, 1970-жылы туулган И. С. да күйүп кеткен. Учурда алар ооруканада жатышат. Жаш жигит дүлөй жана дудук экени белгилүү болду. Маалыматтар боюнча, өзүнө от койгон жигиттин денесинин 98%, ал эми жанында турган адамдын денесинин 35% күйүп калган.
Милиция бул фактыны өз өмүрүнө кол салуу беренеси боюнча каттаган.
Алдын-ала айтылган маалыматтар боюнча, жигит Сузак районуна сүйлөшкөн кызынын колун сураш үчүн үйүнө барган. Бирок ата-энеси анын али жаш экендигин айтып, андан баш тарткан. Андан кийин жигит өзүнө бензин куюп өрттөгөн.
Abal.kg



