Япония коронавирусту кантип жеңди: негизги үч эреже

Дүйшөмбү 25- майда Япониянын премьер-министри Синдзо Абэ, апрель айында киргизилген өзгөчө кырдаалдын токтогонун жарыя кылды. Бирок Японияда бул өзгөчө кырдаал өтө катаал чектөөлөр менен коштолгон эмес – ар түрдүү ишканалар, ресторандар менен чач тарачтар үзүгүлтүксүз иштеп жатышты. Ал эми адамдардын кеңири басып-турганы да чектелген эмес, деп жазды Bloomberg.
Бирок, ошого карабастан, Японияда бул илдетти жуктургандар күндөн күнгө азайып жатты, деп билдирет Bloomberg. Джонс Хопкинс Университетинин маалыматы боюнча, бүтүндөй пандемиянын учурунда 130 миллион эли бар Японияда 16 550 гана кишиден коронавирус аныкталган, а каза таптакандардын саны 820 жаранды түзгөн. Бул, «чоң жетиликтеги» өтө төмөнкү көрсөткүч болуп саналат, дейт маалымат агенттиги.
Bloomberg агенттиги Япониянын коронавирус менен күрөшүүдөгү ийгилигинин 43 себебин таап чыккан. Анын ичинде, япондордо беткап тагынып жүрүү салты пандемияга чейин эле жапырт тараган көрүнүш экенин маалымдайт. Кичине эле ноокастап, чүчкүрүп-бышкырып калган адам, эч ким айтпаса да, илдетин башкаларга жуктурбаш үчүн дароо беткап кийээри тээ мурдатан келаткан кадырэсе көрүнүш экенин баса белгилейт. Бул, япон адамынын башкалардын алдындагы жоопкерчилигин өтө жогору экенин көрсөтөт.

Пандемия башталганда эле эксперттер калкка үч нерседен качыш керек экенин эскертишкен: жабык имараттардан, адамдар көп чогулган жерлерден жана тыкыз карым-катнаштан. Жогорку үч эреже өтө прагматикалык, ошол эле учурда эффективдүү жол экенин, Хоккайдо университетинин профессору Судзуки Bloomberg агентигине берген интервьюсунда баса белгилеген.
Эскерте көтчү нерсе, ошол эле учурда, япондордо бири-бири менен кол алышпай, тек гана жүгүнүү менен учураша турган салты да, маанилүү роль ойногонун белгилөө зарыл. Мындан сырткаары япон адамынын жеке гигиенасына – тазалыкка, колду бат-баттан самындап жууп турууга мурдатан эле өтө жакындыгы да, аябагандай олуттуу натыйжа бергени анык.
Abal.kg



