Саясат

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кыска мөөнөттүү эмгек өргүүсүн алды

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев радиожыштык чуусунан улам кыска мөөнөттүү эмгек өргүүсүн алды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге ылайык, өкмөт башчы вице-премьердин катышуусунда кеңешме өткөрүп, буга чейин анын дарегине айтылган радиожыштыктар боюнча маселени козгоду. Ошондой эле өкмөт таза жана ачык иштөөгө далалат кыларын кошумчалаган.

«Бирок Жогорку Кеңеште өкмөттүн жана премьер-министрдин дарегине радиожыштык ресурстарын узартуу жана аны кайра каттоого тийиштүү кылмыш ишине байланыштуу сын-пикир жана күнөөлүү эместигимди далилдөө чакырыгы айтылды. Мен мамлекеттин экономикалык кызыкчылыктарын сактоону жана жыштыктарды ачык аукциондо сатууну, ошондой эле мыйзам талаптарына жооп бербеген тараптардын лицензияларын алууну колдоп келгендигимди баса белгилеп кетким келет. Бул туурасында мен Жогорку Кеңештин жыйынында да айткам. Дагы бир жолу териштирилип жаткан ишке менин эч кандай тиешем жок экенин белгилеп кетейин. Бул маселени саясатташтырбоо керек деп эсептейм. Укук коргоо органдары объективдүү жана ар тараптуу тергөө жүргүзүп, күнөөлүүлөр жоопкерчиликке тартылууга тийиш. Бирок «тергөөгө кысым көрсөтүлдү» деген сөздөр чыкпаш үчүн жана тергөө калыс болуш үчүн кыска мөөнөттүү эмгек өргүүсүнө чыгууну туура көрдүм», — деди Абылгазиев.

Өкмөт башчы өкмөттүн ишин координациялоону жана мамлекеттик органдардын туруктуу иштөөсүн камсыздоону биринчи вице-премьер Кубатбек Бороновго тапшырганы айтылды.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button