Кыз зордуктап кармалган, кылмыштуу топтун мүчөсү 10 жылга эркинен ажыратылды
Ош шаардык сотунун чечими менен 26-май күнү «Казак» каймана аты менен таанылган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү М. у М. 10 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Ош облустук сотунун маалымат катчысы билдирди.
Соттун чечимине ылайык, ал Жазык кодексинин 161-беренеси (жашы жете электигин билип туруп зордуктоо) боюнча күнөөлүү деп табылган. Үй камагы боюнча бөгөт чарасы өзгөртүлүп камакка алынган.
«Уюшкан кылмыштуу топтун «Казак» каймана аттуу мүчөсү боюнча арыз былтыр түшкөн. Ал 16 жаштагы кызды күч колдонуп, зордуктаганга шектелген», — деп айтылат маалыматта.
Мындан сырткары, ал былтыр күзүндө эс алуу жайында башка бирөөлөр менен чактакташа кетип, денесине залал келтиргенин айтышты.
«38 жаштагы ал адам Ош шаарындагы түнкү эс алуу борборунда 23 жаштагы жаран менен сөз талаша кетип, миздүү нерсе менен желкесине жана оң каруусуна сайып, денесине залал келтиргендиги үчүн былтыр 9-октябрда да кармалган эле», —деп айтылат маалыматта.
Abal.kg



