Коом

Коронавирус. Нарында алгач 3 эле кишиден аныкталган, азыр 300 кишиге жукту, себеби эмнеде?

Коронавируска чалдыккан байтаптар менен байланышта болгондорду убында изоляцияга албагандыктан Нарын облусунда инфекциянын жайылышына алып келди. Бул тууралуу бүгүн, 27-майда ЖКнын жыйынында Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

Анын айтымы боюнча, Нарын облусунда алгач 3 гана учур аныкталган.

“Байланышта болгон адамдар өз убагында обочолонбой, ыкчам чараларды көрүшкөн эмес. Жоопкерчиликсиз мамиледен улам күн сайын ооруга чалдыккандардын саны көбөйүүдө. Азыр тергөө жүрүп жатат” – деп билдирди Мадамин Каратаев.

Эскерте кетсек, Нарын облусунда коронавирустун 300 учуру катталган.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button