Инвесторлорду укук коргоочулар шантаж кылганын качан токтотушат?!

Кыргызстанда үй куруучулар менен болгон чыр-чатактар көп кездешет. Көбүнчө, чыр ак ниетсиз куруучу компаниялар менен алданып калган кыймылсыз мүлккө акча салган инвесторлордун ортосунда пайда болот. Айрым учурларда тескерисинче окуянын курмандыгы болуп куруучу компаниялар кездешет. Аларды шылуундардын торунан мамлекет жана кардарлар алдындагы милдеттенмелерге астейдил кылган жоопкерчилик да, жакшы кадыр-барк да коргой албай калат. «Экспресс-Строй» ЖЧКсынын өкүлдөрү VB.KG сайтына өздөрүнүн уникалдуу окуясын айтып беришти.
«Экспресс-Строй» компаниясы беш жылдан ашык убакыттан бери Бишкектин чок ортосунда — Чүй проспектиси менен Сүйүмбаев көчөсүнүн кесилишинде (Карпинка деп аталып калган) үй кура албай келет. Көйгөй, үй куруучунун үйдү курууга керектүү уруксаттары кагаздары жок үчүн эмес. Бул жагынан тескерисинче баары жайында. Баардык тиешелүү документтер бар. Ал гана эмес, шаар куруунун башкы планына ылайык, бул жер тилкеде үйдүн курулушу 1996-жылы мерчемделген. Акча жаатында да маселе жок. «Экспресс-Строй» компаниясы долбоорго 2,5 миллион доллар инвестиция салууга даяр болгон Түркиядан инвесторлорду тарткан. Тагыраак айтканда, түшүнбөстүктөрдүн тобокелдигин минималдаштыруу үчүн, курулуш иштери акча ээлеринин катышуусуз башталып, аякташы керек болчу.
Бирок, Чүй жана Карпинка көчөлөрүнүн кесилишиндеги үй салынбады. Алар болгону аймактагы инженердик тармактарды жаңыртканга, чуңкур казганга, көп кабаттуу үйдүн пайдубалын курууга бетон төккөнгө гана үлгүрүшкөн. Андан кийин курулуш ордунан жылган эмес.
Эмне үчүн? Компания аны мындай деп түшүндүрөт: ишти баштоого жарандык активистер тоскоолдук жаратып жатышат. 2014-жылы » Люби свой дом (Үйүңдү сүй)” жергиликтүү тургундар ассоциациясы (ТСЖ) биринчи жолу курулуш аянтчасын тегерегин тосуп салышкан. Андан кийин курулуштун тарыхы чексиз тирешүүгө, анын ичинде соттук тирешүүгө айланды. Курулушка каршы чыккандар курулушту салдырбаш үчүн улам-улам жаңы себептерди издеп, компания менен кармаша баштайт.
Башында жер участогун мыйзамсыз сатып алган деп нааразы болушкан. Бирок, сот компаниянын иш-аракеттерин мыйзамдуу деп тапкандан кийин, сот процесстеринин кийинки баскычын баштоо үчүн улам башка себептерди издей башташты.
Белгилүү болгондой сот жылдар бою созулуп кетиши мүмкүн, а ал буларга пайдалуу. «Экспресс-Строй» өкүлдөрүнүн айтымында, компанияга каршы иштердин башында “Люби свой дом (Үйүңдү сүй)” жергиликтүү тургундар ассоциациясынын (ТСЖ) жетекчиси Эльмира Нурманбетова турат. Ал компанияга каршы иш-аракеттерин “Коалиция за демократию и гражданское общество» бейөмөт уюмунун жетекчиси, белгилүү адвокат Эрик Ирискулбеков менен биргеликте кылып жатат.
Курулуш компания булардын негизги максаты үйдүн курулушун чындап токтотуу эмес деп ишенет:
-Нурмамбетова менен Ирискулбеков үчүн мындай акциялар — алардын жумушу. Биздин маалыматтар боюнча, ушул эле топ “Cepe” кафесинин курулушуна дагы тоскоолдуктарды жараткан. Бирок, алар бул боюнча пикирин кийин өзгөртүшкөн. Пикирлер акысыз өзгөргөн эмес — деп уктук. Ушул эле жагдайга, “Дельта” спорт клубу, “1000 мелочей” дүкөнү да кабылышкан. Ал жакта да кийин пикирлер өзгөргөн. Ушул иштердин бардыгында, белгилүү бир мөөнөткө чейин созулган сот процесстери болгон, себеби алар ортодон арыздарын алышканы, райондук соттун архивдик материалдардан тастыкталды-, дешет
“Экспресс Стройдун” өкүлдөрү. Мындан тышкары, алардын айтымында, “ Люби свой дом (Үйүңдү сүй)” (ТСЖ) тургундарынан атынан ишкерлерге каршы доо арыздары коюлган кол тамгалар мыйзамсыз алынган.
— Тизме камтыган документтер талап арыздан өзүнчө тиркелген. Андыктан, алар чындап эмнеге кол коюп беришкени белгисиз. Биздин билишибизче, кол тамгаларын жасалмалоо фактысы боюнча укук коргоо органдары тарабынан аларга кылмыш ишин козгошкон,- деп түшүндүрөт компания.
Компания белгилегендей, «активисттерден имарат куруу үчүн уруксат алуу» канча акча турарын жакшы билип калышты. Бул 300 миң доллар турат экен. Бирок, үй куруучулар бул акчаны алардын колуна карматкылары келишкен жок. Алар компетенттүү органдар көйгөйүнө көңүл буруп, бардыгын туура иликтейт- деп үмүттөнүп жатышат.
Эгер андай болбосо, анда Бишкектин чок ортосунда курулуп башталган үй аягына ийгиликтүү чыкпай, Кыргыз Республикасынын инвестициялык климатына доо кетирген дагы бир табыт болуп кала бермекчи…
Abal.kg