Коом

Дүйнөлүк метеорологиялык уюму быйыл жай өзгөчө ысык болоорун эскертүүдө

Бүткүл дүйнөлүк метеорологиялык уюм быйыл жай өзгөчө ысык болорун, коронавирустун жайылышы менен кишилердин ден соолугуна олуттуу кесепетин тийгизиши ыктымал экенин эскертүүдө. Аталган уюм белгилегендей, аптап учурунда кондиционерден чыккан аба коронавирус эпидемиясы учурундагы санитардык сунуштарга карама-каршы келет. 

Метеорологиялык уюмдун расмий өкүлү Клэр Нуллис 26-майда Женевада өткөн маалымат жыйынында быйыл метеобайкоо тарыхындагы эң ысык жыл болорун айтты. Анын билдиришинче, көпчүлүк үчүн COVID-19 санитардык тобокелчиликтерди күчөтөт. Уюм май айынын ортосунда 2020-жылдын жай мезгилинде аба ырайында адаттан тыш өзгөрүүлөр – тропикалык кеңдиктеги океандардын үстүндө жогорку температура жана Түштүк Америка менен Индостан жарым аралында жаан-чачын болорун эскерткен.

Булак: КТРК

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button