Япония келчү туристтерге акча төлөй турган болду

Японияга келчү туристтерге, өкмөтү атайын бир күнгө 185 доллардын тегерегинде ваучер киргизүүнү пландаштырууда. Ушундай жол менен Япон бийлиги эпидемиянын айынан жабыр тарткан туристтик тармакка жардам берүүнү көздөп жатат, деп маалымдады Kyodo News агенттиги.Бул туурасында 28-майда Lenta.Ru билдирди.
Мындай субсидиялар саякатчылардын бир суткалык чыгымдарынын жарымына жакынын жабат деп белгилейт, агенттик. Бул чектерди кафе, ресторан жана дүкөндөр кабыл алышат. Өлкөгө учуп келгенге кеткен чыгымдар бул ваучерлердин эсебине кирбейт. Бул прграммага өкмөт 1,35 триллион иен (12,5 миллиард доллар) бөлгөн жатат.
«Аталган демилге июль айынын аягында ишке кирээри күтүлүүдө.Субсидияны алыш үчүн турист түздөн түз, же япондук туристтик фирмалардын жардамы менен мейманкана брондош керек (буга салттуу рёкан конок үйү да кирет)», — деп түшүндүрдү Kyodo News.
Abal.kg



