Карантинден кийинки эки жуманын ичинде Казакстанда коронавирус сыркоолору 80%ке өскөн. Саны 9,5 миңден ашты

Акыркы суткада Казакстанда COVID-19 менен сыркоологондор 9576 кишиге жетти. Бул туурасында 28-майда Coronavirus2020.kz. монитордук ресурсу билдирди. Муну Красная Весна маалымат агенттиги кабарлады.
Медиктердин маалыматы боюнча, акыркы суткада республикада коронавирус инфекциясы менен жаңы сыркоологон 272 учур бышыкталды.
Ооругандардын көпчүлүгү Нур-Султанда (56 киши), Караганды областында (49 киши) жана Алматыда (25 киши).
Казакстанда 37 киши коронавирустун курмандыгы болуп калды.
Эске сала кетсек, 27- майда Казакстандын саламаттык сактоо министри Елжан Биртанов, Республикада Өзгөчө абал алынгандан кийин COVID-19 менен ооругандар эмгек коллективдеринде жана мекемелерде өтө кескин өстү деп билдирген.
Белгилей кетсек, Казакстанда Өзгөчө абал жоюлган эки жумадан ашык убакыттын ичинде коронавирус жуктургандар 80%ке өсүп кеткен.
Abal.kg