Депутат Ж.Турускулов: Премьер-министр М.Абылгазиев эс алып, өзүнө келип, анан ишти улантуусу керек

«Келгиле, жөн эле шашыла бербейли. Ал тергөө үчүн [радиожыштыктар боюнча кылмыш иши] эмгек өргүүсүн алды деп жазып жатышканы туура эмес деп ойлойм», — деген пикирин «Республика — Ата-Журт» фракциясынын лидери Жыргалбек Турускулов, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин кыска мөөнөттүү эмгек өргүүсү тууралуу билдирди.
Депутаттын пикиринде айтылып жана жазылып жаткандар чындык эмес.
«Ал үч күндүк эмгек өргүүсүн алды деп жазышты. Эмгек кодекси боюнча ал өргүү ала алат. Биздин өкмөт эки айдан бери дем алышсыз, күнү-түнү коронавирус пандемиясы менен күрөшүүдө. Менимче, болгон маселе – эс алып, өзүнө келип, анан ишин улантышы керек. Бул менин пикирим», — деди Турускулов.
Эгерде ал тергөөгө тоскоол болбоюн деп чечсе, анда ал убактылуу ишинен кетиши керек болчу деп кошумчалады депутат.
Abal.kg



